18:48, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Рыскелди Момбеков эмне үчүн УКМКга чакырылган? Депутаттын жообу

На русском
16:33, 11 чын куран 2019 323
Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков (КСДП) март айынын башында эмне себептен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылганын айтып берди. Ал УКМКнын башчысы менен жолуккан.

Эл өкүлү: «Жогорку соттун төрайымы УКМКга арыз менен кайрылып, ЖЭБ-2 конушунун жашоочулары менен жолугушууда айткан сөздөрүмө юридикалык баа берүүнү өтүнүптүр. Кайрылууну саясий басым жана эскертүү деп эсептейм. Ал жерде өлкөнүн 90 пайыз калкы сот системасына ишенбей турганын, судьялар адилетсиз чечим чыгарып, муну менен элдин канын ичип жатканын айткам. Бирок мунун артында чоң саясат бар экенин билем жана сезип жатам», - деди.

Буга чейин Жогорку сот интернетке депутат Рыскелди Момбеков «соттун жер тилкелерин бөлүү боюнча токтомду жараксыз деп тапкан чечими туура эмес, соттор мындай иш-аракети менен жөнөкөй элдин канын ичип жатат» деп айткан видео жарыяланганын билдирген.

«Аталган видео сот системасы жана жалпы мамлекет боюнча коомчулукта терс пикир жаратып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком