01:35, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги көргөзмөдө 15 өлкөнүн маданияты тааныштырылып жатат (видео)

На русском
14:11, 10 чын куран 2019 240
Көргөзмөдөн сүрөт
Көргөзмөдөн сүрөт
// АКИpress

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы музейде «Жибек жолу» аталышындагы көргөзмө өтүп жатат. 5-апрелде ачылган көргөзмө 28-апрелге чейин уланат.

Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чарада 15 мамлекеттин — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Моңголия, Япония, Түштүк Корея, Пакистан жана Афганистандын өзгөчөлүгү жана маданияты тааныштырылууда. Эс алуу күндөрү Япония жана Кореянын күндөрү уюштурулса, 9-апрелде Моңголия күнү өттү.

Музейдин негизги аймагы бир нече бөлүккө бүлүнүп, түндүк тарабында өлкөлөр тааныштырылса, түштүк тарабында оюндар уюштурулуп, ошондой эле тасмалар көрсөтүлүп жатат. Музейдин алдына боз үй тигилип, мастер-класстар өтүп жатат.

Кыргызстан тааныштырыла турган күнү кийиз жаюу көрсөтүлүп жана андан ар кандай бумдарды жасоо пландалууда. Уюштуруучулардын айтымында, Корея жана Япония тааныштырылган күнү музейге 6 миңден ашык адам келди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком