16:25, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Венесуэла өлкөсүнө Россиянын учагы жүк жана аскерлерди жеткирди

На русском
11:17, 25 жалган куран 2019 251

Баракелде -  Россиянын аскерлери 23-мартта Венесуэлага жөнөтүлдү. Бул маалыматты дипломатиялык чөйрөдөгү булагы тастыктаганын «РИА Новости» басылмасы жарыялады. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн борбору болгон Каракас шаарына 2 учак менен россиялык 100гө жакын аскер жеткирилгенин маалымдашкан.

Ал эми Flightradar24 басылмасынын маалыматы боюнча, Ил-62 жана Ан-124 учактары Каракас шаарына жума күнү россиялык Чкалов аэродромунан чыгып, Сирияга конгондон кийин сапарын уланткан.
Учактын бортунда аскерлер менен бирге 35 тонна жүк болгону да маалымдалды. Ал эми социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда Каракас шаарында Россиянын желеги менен турган учактын сүрөтү деп божомолдонгон сүрөттөр тарады.

Бул боюнча Россиянын Коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги да расмий маалымат тараткан жок. «РИА Новости» басылмасынын дипломатиялык булагынын маалыматы боюнча, аскерлердин сапары аскер-техникалык кызматташууну талкуу максатында уюштурулган.

Учурда Венесуэла өлкөсүндө жаңы шайланган президент Николас Мадуро жана оппозиционер Хуана Гуйадого байланыштуу абал туруктуу эмес. АКШ жана башка мамлекеттер учурдагы президент Николас Мадуронун легитимдүүлүгүн тааныбай, оппозиция лидери Хуана Гуайдону колдошкон. Оппозиционер январь айында өзүн убактылуу президент деп жарыялаган болчу.

Расмий маалыматтар боюнча, бул кырдаалга байланыштуу Венесуэладан болжол менен 3 млн адам качып кетти. Бул калктын 10 айызын түзөт. Бирок БУУ бул сан мындан да жогору деген пикирде.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком