10:52, 25-апрель, 2026

Ак-Босогодо 7 жашар кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

На русском
09:22, 25-апрель, 2026 373

АКИpress - Жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 24-апрелде Ак-Босого конушунда болгон.

«АКИpress» редакциясына жергиликтүү тургундар билдиргендей, күбөлөрдүн бири унаа менен бара жатып, бир жигитти жана 7 жаштагы кызды көргөн. Ал балага жардам берүү үчүн токтоп, башка жарандарды жардамга чакырган. Алар жаш жигитти байлап, милиция чакырып, 2003-жылы туулган Г.Р. аттуу шектүү кармалган.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) боюнча катталган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»