20:53, 24-апрель, 2026

Кыргызстандын волейболчулары Азиянын кум үстүндөгү оюндарында кореялык атаандаштарын жеңди

На русском
15:24, 24-апрель, 2026 161

АКИpress - Кыргызстандын командасы Азиянын кум үстүндөгү оюндарында алгачкы жеңишине ээ болду.

Оюндар ушул күндөрү Санья шаарында (Кытай) өтүп жатат.

24-апрелде тайпалык этаптын 2-турунда кыргызстандык Огулай Кудайкулова жана Адина Маматжан кызы Корея курама командасы менен ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.

23-апрелде биринчи турдагы беттеште Кыргызстан курамасы Кытай командасына 2:0 эсебинде утулуп калган.

25-апрелде тайпалык этаптын соңку беттештери болот. С тобунда Кытай менен Корея менен ойнойт.

Эгер кытайлыктар жеңсе, анда Кыргызстан курама командасы плей-оффко чыгат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»