АКИpress - 24-25-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана 2 унаа жолунда кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Кеп төмөнкү унаа жолдору жөнүндө болуп жатат:
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).
Кыргызгидромет кар көчкү кооптуулугу бар тилкелерден өтүүдө транспорт каражаттарынын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл экенин эскертет.