АКИpress - Зооноздук оорулар калктын саламаттыгына, жаныбарларга жана өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директору Адилет Сотовалдиев форумда билдирди.
Ал мындай оорулар адамдар жана жаныбарлар үчүн коркунуч жаратып, ошондой эле мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүшүнө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга тоскоолдук кыларын белгиледи.
Анын айтымында, мындай инфекциялар малдын жапырт оорушуна жана өлүмүнө, ошондой эле өндүрүмдүүлүктүн кескин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Жыйынтыгында эт, сүт жана башка мал чарбачылык азыктарын өндүрүүнүн көлөмү кыскарып, бул экономикага терс таасирин тийгизет.
Адистердин баамында, дүйнөдөгү бардык жугуштуу оорулардын 60%га жакыны зооноздук болуп саналат жана алардын олуттуу бөлүгү жаныбарлардан адамдарга жугат. Мисал катары, ал Индияда катталган Нипах вирусунун жайылышын келтирди.
Сотовалдиев зооноздук оорулар ар кандай жолдор менен: жаныбарлар менен байланышта болуу, тамак-аш азыктары, ошондой эле кене жана чиркей сыяктуу алып жүрүүчүлөр аркылуу жугушу мүмкүн экендигин баса белгиледи.
«Жаныбарлардан алынган азык-түлүк азыктарын жетиштүү термикалык иштетпестен керектөө да инфекция жугузуу коркунучун жогорулатат.
Мындай шартта, азык-түлүк азыктарын иштетүүдө санитардык жана гигиеналык ченемдерди сактоо өзгөчө маанилүү», - деди ал.
Адилет Сотовалдиев кошумчалагандай, учурда дүйнө жүзү боюнча адамдардын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгынын өз ара байланышына негизделген «Бирдиктүү ден соолук» концепциясы активдүү киргизилип жатат. Анын максаты - оорулардын алдын алууга комплекстүү мамилени камсыз кылуу.
«Бул ыкманы ишке ашыруу тобокелдиктерди өз убагында аныктоого жана саламаттыкты сактоо тутумуна түшкөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берет. Бул процессте кооптуу инфекциялардын жайылышын алдын алууда алдыңкы катарда турган ветеринардык адистер маанилүү роль ойнойт.
Ветеринардык кызмат жаныбарлардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүп, эмдөө жана башка алдын алуу иш-чараларын өткөрөт. Бул, айрыкча көп оорунун жаныбарлардан адамдарга тез жугуп, калктын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратуу ыктымалдыгынан улам маанилүү», - деди ал.
Сотовалдиевдин айтымында, Кыргызстанда да бул тутумду бекемдөө боюнча чаралар көрүлүүдө: диагностика ыкмалары өркүндөтүлүп, эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлүп, калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
«Көрүлүп жаткан чараларга карабастан, көйгөй актуалдуу бойдон калууда. Жыл сайын миңдеген адам эхинококкоз сыяктуу ооруларга чалдыгып, хирургиялык дарылоодон өтүшөт. Кээ бир учурларда бул майыптыкка алып келет», - деген адис өлкөнүн учурдагы шарттарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алдын алуу чараларын мындан ары күчөтүп, жаңы ыкмаларды киргизүү зарыл экенин кошумчалады.