13:26, 24-апрель, 2026

Путиндин катчысы ЕБдин Кыргызстанга каршы санкцияларына комментарий берди

На русском
11:20, 24-апрель, 2026 535

АКИpress - Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Биринчи каналга» Евробиримдик тарабынан Россияга каршы 20-чектөө чаралар пакетинин алкагында Кыргызстанга киргизилген санкциялар тууралуу комментарий берди.

Ага бул санкцияларды Россияга берилгендик үчүн жазалоо катары кароого болобу деген суроо узатылып, Песков Бишкек биринчи кезекте өз кызыкчылыктарын жетекчиликке аларын айтып, жооп берди.

«Бул Россияга берилгендик эмес, бул биринчи кезекте өз кызыкчылыктарына берилгендик. Эгер өлкө бир нерсени өз кызыкчылыгы үчүн жасаса, демек бул белгилүү бир пайда берет, анын көлөмү башка жактан мүмкүн болгон пайданын көлөмүнөн ашат. Демек бул пайдалуу жакка чечилген тобокелчилик», - деди Песков.

Ошондой эле ал орус-кыргыз кызматташтыгынын мүнөзүнө токтолду.

«Биргелешкен инвестициялык долбоорлордон биз да пайда табабыз, Кыргызстан да пайда табат», - деп кошумчалады ал.

Евробиримдик 20-санкциялар пакетинин алкагында, Россияга реэкспорт кылуу коркунучу бар деп Кыргызстанга санариптик башкарылган станокторду экспорттоого тыюу салып, ошондой эле «Керемет Банк» жана «Капитал Банк» менен операцияларга тыюу салды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»