АКИpress - Бишкекте унааны мас абалда башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда айдоочунун мас экенини байкалган — андан спирт ичимдигинин жыты чыгып турган. Айдоочу наркология борборуна жеткирилип, ал жерден медициналык текшерүү анын ичимдик ичкенин тастыктаган.
Унаа айып короого киргизилип, мас айдоочуга карата протоколдор түзүлдү.