АКИpress - Ош облусунда УКМКнын кызматкерлери документтерди жасалмалоого шектелген жеке нотариусту жана анын ортомчуларын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
22-апрелде УКМК кылмыш ишинин алкагында Ош шаарынын нотариалдык округунун жеке нотариусу А.К.Г. жана ортомчу катары иш алып барган Кыргызстандын жарандары Х.С.И. менен Т.И.М.ни кармаган.
«Алар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», - деп жазылган маалыматта.