05:09, 24-апрель, 2026

Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү мекемелери үчүн 16 кыймылсыз мүлк сатып алды

На русском
18:35, 23-апрель, 2026 515

АКИpress - Кыргызстан чет өлкөдөгү мекемелери үчүн 16 кыймылсыз мүлк объектисин сатып алды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев «АКИpress» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан чет өлкөдөгү мекемелери үчүн өздүк кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу багытында ырааттуу иш алып барууда.

«Бир гана 2023-2025-жылдар аралыгында 16га жакын кыймылсыз мүлк объектиси сатып алынды — бул бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтердин имараттары жана дипломатиялык кызматкерлер үчүн кызматтык батирлер. Бул багыттагы иштер улантылууда жана учурда чет өлкөлөрдө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жайгаштыруу үчүн жаңы объектилер каралып жатат. Бул ижара акысына кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү узак мөөнөттүү катышуусун бекемдейт», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»