05:30, 24-апрель, 2026

Ошто «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери мыйзамсыз акча талап кылууга шектелип кармалды

На русском
18:28, 23-апрель, 2026 755

АКИpress - Ош шаарында УКМКнын кызматкерлери системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылууга шектелген «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кызмат» мекемесинин кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар үчүн системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылып келишкен.

Тактап айтканда, К.У.Б. жана М.А.Э. жеке материалдык пайда табуу максатында чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырышкан.

«22-апрелде шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда», - деп жазылган маалыматта. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»