21:51, 23-апрель, 2026

Чүйдө Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды

На русском
17:32, 23-апрель, 2026 381

АКИpress - 23-апрелде Чүй облусунун Иссык-Ата районундагы Новопокровка айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 6-апрелде каналга 1947-жылы туулган В.А. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин ӨКМдин Иссык-Ата райондук бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүштү. Каза болгон жарандын сөөгү ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»