22:59, 23-апрель, 2026

Беловодск айылындагы көлмөнүн алдынан курал жашырылган жай табылды, - УКМК

На русском
16:49, 23-апрель, 2026 531

АКИpress - 23-апрелде Чүй облусунун Москва районунда курал-жарак, ок-дары жана атайын каражаттар жашырылган жай табылганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жашырылган жай Беловодск айылындагы «Крепостное» көлмөсүнүн алдынан табылган.

Ал жерден төмөнкүлөр алынды:

- үлгүсү аныктала элек 2 ок атуучу курал;

- колго жасалган 1 курал;

- үлгүсү аныктала элек 3 жарылуучу зат;

-түрдүү калибрдеги 177 гильза;

- ар кандай куралдар үчүн 9 магазин;

- «Моторола» үлгүсүндөгү 3 радиостанция;

- жана башка буюмдар.

УКМКнын маалыматы боюнча, жашырылган жай Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталууда.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»