АКИpress - 23-апрелде Чүй облусунун Москва районунда курал-жарак, ок-дары жана атайын каражаттар жашырылган жай табылганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жашырылган жай Беловодск айылындагы «Крепостное» көлмөсүнүн алдынан табылган.
Ал жерден төмөнкүлөр алынды:
- үлгүсү аныктала элек 2 ок атуучу курал;
- колго жасалган 1 курал;
- үлгүсү аныктала элек 3 жарылуучу зат;
-түрдүү калибрдеги 177 гильза;
- ар кандай куралдар үчүн 9 магазин;
- «Моторола» үлгүсүндөгү 3 радиостанция;
- жана башка буюмдар.
УКМКнын маалыматы боюнча, жашырылган жай Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык.
Учурда кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталууда.