21:54, 23-апрель, 2026

Майрамдарга карата Бишкек–Ош–Бишкек багытындагы авиабилеттердин баасы арзандатылды

На русском
16:41, 23-апрель, 2026 580

АКИpress - Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек–Ош–Бишкек багыты боюнча каттамдар үчүн билеттердин баасы май майрамдарына карата арзандатылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде мамлекеттик органдардын жана авиация рыногунун өкүлдөрү катышкан жумушчу жолугушуу өткөн. Анда ички жүргүнчү ташуучу авиакаттамдардын баасы кандай түзүлөрү талкууланып, тарифтер, авиа отундун баасы, ошондой эле билеттерди ортомчулар жана онлайн-сервистер аркылуу сатууда кошулган үстөктөр каралды.

Рынок өкүлдөрү менен болгон консультациялардан кийин май майрамдарына карата билеттердин баасы 8 миң 820 сомдон 7 миң 600 сомго чейин арзандатылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»