04:59, 23-апрель, 2026

Активист 3 курулуш компания Ысык-Көлдү «көмүп» жатканын көрсөттү. Министрлик жооп берди

На русском
12:27, 22-апрель, 2026 989

АКИpress - Үч компания топурак менен Иссык-Көл көлдү толтуруп, мыйзамга жана экологияга карама-каршы иш-аракеттерди жүргүзүп жатат, деп билдирди активист Эртай Искаков социалдык тармакта. Ал жумуштар Тамчы айылында жүрүп жатканын жазып, жеринен видео да жарыялаган.

Ошондой эле «Елизавета», «Урпак Резорт» («Кыргыз Инвест Строй» — редакция) жана «Авангард Резорт» («Авагард Стиль» — редакция) курулуш компанияларын атады.

«Ар бир пансионат жээкти бузуп, сууну толтуруп, аймагын кеңейте берсе болобу? Бул океан эмес, бул биздин кичинекей Ысык-Көл», - деп жазган Искаков.

Ал президент Садыр Жапаровго бул көйгөйгө көңүл буруп, тийиштүү чара көрүүгө чакырды.

Курулуш министрлиги жооп берип, иштер турист жана эс алуучуларды коргоо максатында жүргүзүлүп жатканын, анткени көлдүн жээги саздуу болгонун, мындай ыкма чет өлкөлөрдүн алдыңкы туристтик жайларында колдонуларын билдирди.

«Азыркы учурда бул аймакта саздуу жээк тилкелерин жакшыртуу жана жээкти бекемдөө максатында гана топурак төгүү иштери жүрүп жатат. Бул иштер аймакты кеңейтүү максатын көздөбөйт. Төгүлгөн топурак тегизделгенден кийин жээк мурунку чекте калат, саздуу аймактардын гана абалы жакшырат», - деп түшүндүрдү министрлик.

Ошондой эле министрлик топурак ошол эле аймактан алынганын белгиледи.

«Үстүнө эленген кум себилет. Учурда экологиялык коопсуздуктун бардык талаптары  сакталууда», - деп кошумчалашты ведомстводон.

Министрлик Тамчы айылында 3 беш жылдыздуу пансионат курулуп жатканын, иштер тиешелүү документтердин негизинде жүргүзүлүп жатканын эске салды.

«Министрлик мыйзамдуулуктун сакталышына жана экологиялык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү улантууда», - деп кошумчалады министрлик.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»