АКИpress - 2011-жылы туулган кыз сойкулукка тартылып, өз жанын кыйган, деди депутат Элвира Сурабалдиева бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда.
Депутаттын айтымында, маркумдун апасы бул окуяга көңүл бурууну суранып, кайрылган.
«Дарегиме 2011-жылы туулган А. А. аттуу кыздын апасы Э.Д. деген жаран кайрылып, 2015-жылы күйөөсү менен ажырашканын, 2024-жылы кайын сиңдиси анын кызын эс алдырганы Дубайга алып барып, сойкулукка тартканын айтты. Кийин ал кыз Бишкекке келгенден кийин аны сатууга катышкан тараптар телефон, эки бөлмөлүү батир алып беришиптир. Кайынсиңдиси ал мүлктү өзүнө каттаптыр. Бирок эң негизгиси — кызы Бишкекке келгенден кийин уксус ичип, көз жумуптур. 13 жашагы кичинекей кыз. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат дейт. Азыр Каракол шаарына өткөрүлүптүр. Келин 5 айлык жана 6 жашар баласы менен каттаганга оор болуп жатканын айтты», - деди ал.
Депутат президент менен Минкабдын парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, акыркы убакта мындай үрөй учурган окуялар көп катталып жатканын белгилеп, маселени көзөмөлгө алууну суранды.
Буга чейин аталган факт боюнча «Turmush» басылмасы, сөз болуп жаткан адамга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 2-пункту (балдарды колдонуу менен сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча козголгон кылмыш-ишин Каракол шаардык соту карап, ал камакка алынганын жазган.