12:42, 22-апрель, 2026

Трамп Иранга ок атууну токтотуу режимин узартты

На русском
10:14, 22-апрель, 2026 289

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп «Truth Social» социалдык тармагындагы баракчасында Иран менен ок атууну токтотуу режимин узартууга буйрук бергенин билдирди. Бирок ал ок атуу качанга дейре күчүндө каларын так атаган жок.

Анын айтымында, ортомчу болуп жаткан Пакистан Иран бирдиктүү сунуш даярдаганга чейин АКШдан сокку урууну убактылуу токтотуп турууну суранган. Трамп америкалык аскерлер блокаданы улантып, толук даярдыкта болорун айтты.

Буга чейин маалымат каражаттары Иран АКШ менен сүйлөшүүгө кайра кайтышы мүмкүн экенин жазышкан. Алардын маалыматына караганда, Тегеран Ормуз кысыгындагы блокаданы алгач алып салууну талап кылган аскер күчтөрүнүн басымынан улам убакытты созуп келген. Бирок ортомчулар Иранды диалогду улантууга көндүрүшкөн.

Ошол эле учурда Иран тарап жарашууну узартууну өзү суранбаганын билдирди. Айрым ирандык өкүлдөр Трамптын сөздөрүн убакыттан утуу аракети катары баалашууда. Алар ошондой эле блокаданы басым көрсөтүүнүн уландысы деп атап, өлкө өз алдынча аракет көрүүгө даяр экенин айтышууда.

Ирандагы айрым саясатчылар АКШ менен сүйлөшүүгө каршы чыгышты. Ислам революциясынын сакчылар корпусу эгер чабуул болсо, катуу жооп болорун эскертишти.

АКШ менен Ирандын ортосундагы убактылуу жарашуу 8-апрелде эки жумага түзүлгөн. Бул убакытта тараптар сүйлөшүү өткөрүшкөн, бирок бир пикирге келе алышкан эмес. Ормуз кысыгы ачылышы керек болчу. Бирок жарашуу мезгили ичинде ал болгону 17-апрелде гана бир күнгө ачык болду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»