АКИpress - Кыргызстандык мушкер Омар Ливаза Бразилияда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогун жеңиш менен баштады.
«World Boxing» боюнча Дүйнө кубогунун биринчи этабы 20-26-апрель күндөрү Фош-ду-Игуасу шаарында өтүүдө. Анда жалпысынан эркектер жана кыз-келиндер арасында 20 медаль топтому ойнотулууда.
Ливаза 65 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда, бул салмакта жалпы 30 боксчу катталган.
Кыргызстандык мушкер мелдешти 1/16 финалдык этаптан баштап, анда Финляндиянын өкүлү менен кез келди. Үч раунддун жыйынтыгында Ливаза калыстардын чечими менен жеңишке жетип, кийинки айлампага өттү.
Кыргызстандык спортчунун кезектеги атаандашы Австралиянын өкүлү болмокчу.
Бул турнирге башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында төрт спортчу барган. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери дүйнөлүк рейтингде 150, 100 жана 75 упайдан алышат.
Беттештер:
1/16 финал
Омар Ливаза — Исмаил Умар (Финляндия) — 5:0
1/8 финал
Якоб Кассар (Австралия) — Омар Ливаза.