АКИpress - Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев 2026-жылы Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынан кийин дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү.
6-12-апрель күндөрү Бишкекте өткөн турнирде Кыргызстандын курама командасынын капитаны 70 кг салмак категориясында чыгып, 3-орунду ээлеген.
Акматалиев 6500 рейтингдик упайга ээ болуп, бул упайлар аны UWW версиясы боюнча рейтингде 1-орунга көтөрдү.
Кыргызстандык спортчу азыркы дүйнө чемпиону жана Бишкекте 74 кг салмак категориясында Азия чемпиону болгон Жапониянын балбаны Ёсиносукэ Аоягини артка калтырды.