18:52, 21-апрель, 2026
17:17, 21-апрель, 20261246 «Дордойдо» өрт чыкты

Бишкекте суу менен канализациянын наркын жогорулатуу сунушталууда

На русском
16:54, 21-апрель, 2026 330

АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясы суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу (канализация) тарифтерин жогорулатууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңешке кароого киргизилди.

Суу менен камсыздоонун базалык тарифин – 1 куб метрге 15,73 сом, ал эми суу чыгаруунун тарифин – 1 куб метрге 6,8 сом деп бекитүү сунушталууда.

«Бул чыгымдарды жабат, бирок инвестициялык жана насыя милдеттенмелерин аткарууга, ошондой эле инфраструктураны модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ушуга байланыштуу коммерциялык керектөөчүлөр үчүн жогору коэффициенттер каралган: башка уюмдар үчүн – 2,1; сууну көп колдонуучу объекттер үчүн (мончо, сауна, унаа жуучу жайлар, мал союучу жайлар ж.б.) – 3,0. Турак жайдын ички тармактарын техникалык тейлөө чарчы метрине жылына 26,40 сомду түзөт.

Маалым кат-негиздемеде айтылгандай, шаардык кеңеш 2023-жылдын 30-майындагы 86 токтому менен калк үчүн суу менен камсыздоо кызматынын тарифин 1 куб метрине 10,45 сом өлчөмүндө бекиткен. Бул тариф 2022-жылга чейинки экономикалык шарттарды эске алуу менен түзүлгөн жана учурда ишкананын иш жүзүндөгү чыгымдарына дал келбейт.

«Бишкексууканал» ишканасы тарифтерди жогорулатуу зарылдыгын чыгымдардын өсүшү менен түшүндүрөт: электр энергиясына кеткен чыгым 2023-жылы 178 млн сом болсо, 2025-жылы 327 млн сомго чейин өскөн, 2026-жылы 434 млн сом болот деп болжолдонууда. Мындан тышкары ишкана Европа реконструкциялоо жана өнкүтүрүү банкынын насыясы (болжол менен 120 млн сом) жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору (болжол менен 300 млн сом) боюнча милдеттенмелерин аткарат.


Суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу (канализация) боюнча учурдагы тарифтер:

Керектөөчүлөрдүн аталышы

Суу менен камсыздоо  (1 куб метр үчүн)  Сууну чыгаруу (канализация) (1 куб метр үчүн)
Калк 10,45 3,45
Бюджеттик уюмдар 12,95 4,50
Башка керектөөчүлөр 18,50 9,00

Көп кабаттуу турак үйлөрдүн ичиндеги жалпы пайдалануудагы тармактарды техникалык тейлөөгө колдонулуп жаткан тарифтер

Керектөөчүлөрдүн аталышы

Тариф (1 чарчы метр үчүн)
Калк 15,10
Көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр 15,10

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»