19:41, 21-апрель, 2026

«Кыргызиндустриянын» акционеринин милдети Президенттин иш башкармалыгына берилди

На русском
17:04, 21-апрель, 2026 252

АКИpress - Министрлер кабинети мамлекеттик үлүшү бар компанияларды башкарууга байланыштуу токтом кабыл алды.

Документке ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик «Кыргызиндустрия» ААКсындагы акционердин ыйгарым укуктарын Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүүгө тийиш.

Ошондой эле 2021-жылдын 24-декабрындагы «Кыргызиндустрия» ААКсын түзүү жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизилди. Андагы Министрлер кабинетинин атынан компаниянын акцияларын башкаруу боюнча агенттикке берилген пункт күчүн жоготту. Эми Президенттин иш башкармалыгына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке бул чечимди аткаруу үчүн биргелешип зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттик администрациянын президент менен Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»