19:22, 21-апрель, 2026
17:17, 21-апрель, 20261341 «Дордойдо» өрт чыкты

Ирандыктар лидеринен Америка менен сүйлөшүүгө макулдук алды, - «Axios»

На русском
15:03, 21-апрель, 2026 218

АКИpress - Ирандын делегациясы Америка Кошмо Штаттары менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн жогорку лидер Можтаба Хаменеиден макулдук күтүп жатышкан жана 20-апрель күнү кечинде макулдук алышты, деп билдирет «Axios» булагына шилтеме берүү менен.

«Ак үй 20-апрелде Тегерандан белги күтүштү», - деп жазат «Axios».

Ирандыктарды Пакистан, Египет жана Түркиянын өкүлдөрү дагы чакырган. Бирок Иран тарап Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кысымы астында убакытты созушкан. Корпус Америка деңиз блокадасын токтотмоюнча сүйлөшүү жүргүзбөөнү талап кылган.

Эми Исламабаддагы жолугушууга биринчи раундда америкалык делегацияны жетектеген вице-президент Жей Ди Вэнс да учуп келиши керек. Ошондой эле Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер да сүйлөшүүгө катышат.

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду 11–12-апрелде Исламабадда өттү, бирок жыйынтыксыз аяктаган. Бир жумадан кийин Иран Ормуз кысыгын коммерциялык кемелер үчүн ачарын, бирок көп өтпөй кысыкты кайра жапканын жарыялады. Ошол эле учурда АКШ ирандык портторду блокадалады жана Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган ирандык «Туска» жүк ташуучу кемесине сокку урду.

Буга чейин Трамп «Bloomberg» маалымат каражатына тынчтыкты узартуунун ыктымалдыгы өтө аз экенин айткан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»