19:26, 21-апрель, 2026
17:17, 21-апрель, 20261349 «Дордойдо» өрт чыкты

Фатхудин Али Мухаммед Сомалинин Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды

На русском
14:54, 21-апрель, 2026 152

АКИpress - Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов 21-апрелде Сомалинин элчиси Фатхудин Али Мухаммеддин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. 

Тараптар саясий байланыштарды бекемдөө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Сомалинин элчиси өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай багыттар боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экендигин ырастады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»