17:18, 21-апрель, 2026

Президент Садыр Жапаров бир катар элчиден ишеним грамоталарын кабыл алды

На русском
14:24, 21-апрель, 2026 162

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде үчүнчү өлкөлөрдөгү резиденциясы менен аккредитацияланган атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алганын Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Ишеним грамоталарын Доминикан Республикасынын элчиси Алехандро Ариас Сарсуэла, Албания Республикасынын элчиси Блерта Кадзадеж, Индонезия Республикасынын элчиси Сити Рухайни Жухятин, Сомали Федеративдик Республикасынын элчиси Фатхудин Али Мохамед жана Палестина мамлекетинин элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи тапшырышты.

Азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын ардактуу кароол менен тосуп алуудан башталып, андан соң элчилер Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты. Мамлекет башчы өз сөзүндө элчилерди республикадагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды ырааттуу бекемдеп жатканын баса белгиледи.

«Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы экономиканы өнүктүрүү, элдин социалдык абалын чыңдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтыкты жайылтуу сыяктуу маанилүү багыттарда реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Өзгөчө экономика жаатында мамлекетибиз масштабдуу трансформацияны баштан өткөрүүдө», - деди ал.

Президент Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун жана азыркы тапта үчүнчү өлкөлөрдүн колдоосу абдан маанилүү экенин эске салды.

Мындан тышкары ал катышуучуларды 2027-жылдын октябрь айында өтө турган «Бишкек+25» глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Өз кезегинде, атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер өз өлкөлөрүнүн лидерлеринин саламын айтышып жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдиришти.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»