АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хакимден ишеним грамотасын алганын Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Мамлекет башчы аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Сауд Арабия дүйнөлүк саясий жана экономикалык мейкиндикте, ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ээлерине токтолду. Ал аталган өлкө Кыргызстан үчүн боордош өлкө жана Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналарын баса белгиледи.