АКИpress - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Түп райондук суу чарба башкармалыгына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда Түп райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоонун коррупциялык схемасы аныкталды. Бул факт боюнча кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.