03:01, 22-апрель, 2026

Кара-Суунун тургуну 332 бакты мыйзамсыз кыйган

На русском
13:15, 21-апрель, 2026 283

АКИpress - Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы Жоош айылынын Т.О.К. аттуу тургуну ижарага алган жеринде 332 даракты мыйзамсыз кыйгандыгы аныкталганын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы маалымдады .

Маалым болгондой, өсүмдүк дүйнөсүнө келтирилген зыян 311 миң 233 сом деп бааланган.

Бул факт боюнча материалдар мындан ары териштирүү үчүн Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»