19:48, 20-апрель, 2026

Видео — Бишкекте Жаш Гвардия бульварында реконструкциялоо иштери башталды

На русском
15:41, 20-апрель, 2026 194

АКИpress - Бишкекте Жаш Гвардия бульварын реконструкциялоо башталды.

Тактап айтканда, Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкеде жер казылып, айрым бадалдар алынып, брусчатка демонтаждалды. Ошондой эле Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкеде балдар аянтчалары, чырак жана башка элементтер алынууда.

Буга карабастан шаар тургундары бульварда сейилдеп жүрүшөт: балдар селкинчектерде ойноп, окуучулар дене тарбия менен алектенип жатышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»