17:54, 21-апрель, 2026

Видео — «БМВ» айдоочусу милиция кызматкерлерин сүзүп качты

На русском
10:17, 21-апрель, 2026 281

АКИpress - Бишкекте милиция кызматкерлерин сүзгөнү үчүн «BMW» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

19-апрелде саат 10:00 чамасында автоунаа документ текшерүү үчүн токтотулган. Ошол учурда айдоочу милиция кызматкерлерин сүзүп, из жашырып кеткен.

Автоунааны издөөгө бардык милиция кызматкерлери багытталган. Бир нече сааттан кийин айдоочу кармалды.

Ага карата бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»