02:39, 21-апрель, 2026

ЖК төрагасы баштаган кыргыз делегациясы Москвада ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышты

На русском
18:00, 20-апрель, 2026 331

АКИpress - Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери баяндама жасашты.

Төрага өз сөзүндө 2025-жылдын ноябрь айында Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыктарына токтолду. Ошондой эле ал аскердик потенциалды чыңдоо, кризистик кырдаалдарды алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү тутумдарын өркүндөтүү, жаңы коркунучтарга каршы активдүү күрөшүү маселелерине басым жасады.

ЖККУ Парламенттик ассамблеясы 2006-жылдын 16-ноябрында түзүлгөн. Анын курамына Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын парламенттери кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»