12:25, 20-апрель, 2026

Россиянын миграциялык саясаты өзгөрүп, андагы кыргызстандыктардын саны азаюуда

На русском
09:41, 20-апрель, 2026 321

АКИpress - Россияда Кыргызстандын жарандарынын көпчүлүгү миграцияда жүрөт, бирок акыркы убакта алардын саны азайып бара жатат. Буга Россиянын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөр таасир этүүдө.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Асаналиев «АКИpress′ке» берген маегинде Россия Федерациясынын аймагындагы учурдагы кырдаал, ал жакта канча жаран бар экендиги, ошондой эле элчиликтин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып берди.

— Буга чейин Россияда миллиондогон жараныбыз жүрөт деп келгенбиз. Акыркы расмий маалыматтарга таянсак, акыркы жылдары Россиядагы кыргызстандыктардын саны кыйла кыскарганын байкоого болот. Учурда Россияда канча кыргызстандык жашап жана эмгектенип жүрөт?

— Ооба, расмий статистикалык маалыматтар боюнча Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын саны акыркы жылдары азайып жаткан жалпы тенденцияны байкоого болот.

Ошол эле мезгилде, КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө 600 миңден ашык жараныбыз жүргөнүн эске алганда, алардын басымдуу бөлүгү Россиянын аймагында эмгектенип жүрүшкөнүн белгилей кетет элем. Россиянын ТИМи тарабынан 2025-жылдын аягына карата алынган расмий маалыматтарга таянсак, өлкөнүн аймагында Кыргызстандын 472 336 жараны жүрөт, алардын ичинен 268 460 жаран миграциялык каттоого алынган.

— Жарандарыбыздын санынын кыскаруусунун негизги себептери эмнеде?

— Акыркы жылдары Россиянын миграциялык эрежелери буга чейин болуп көрбөгөндөй катаалданды. Россия тараптын пикири боюнча, мындай өзгөрүүлөр коопсуздук чараларын күчөтүүгө, чет өлкөлүк жарандардын санариптик профилин түзүүгө, ошондой эле Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге багытталган.

Чындыгында, буга чейин, жарандарыбыз Россияга ээн-эркин келип-кетип, кай бирлери тиешелүү миграциялык документтери жок, же ортомчулар аркылуу алган документтер менен жүрө беришсе, азыр андай такыр мүмкүн эмес. Эгерде, чет элдик жаран Россиянын аймагында мыйзам бузуп жүрсө, көзөмөлдөгү адамдардын реестрине кирип, анын аркасы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болот. Ошондон улам, бул жакта жүргөн жарандарыбыздын санынын азайып жатышынын негизги себеби – Россиядагы миграциялык талаптардын катаалданышы деп эсептейбиз.

 — Россиянын жаңы миграциялык талаптары боюнча буга чейин көп эле айтылып келе жатат. Ошентсе да, негизги миграциялык талаптарды кыскача санап өтсөңүз.

— Албетте. Акыркы эки жылда Россиянын миграциялык мыйзамдарына киргизилген негизги өзгөрүүлөрдү санасак:

  • Россиянын аймагына келген чет элдиктердин, анын ичинде кыргызстандыктардын Россияда жүрүү мөөнөтү кыскарды. Башкача айтканда, уруксат берүүчү документи (ВНЖ), убактылуу жашоого уруксаты (РВП), эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жарандар Россияда бир календардык жыл ичинде 90 күн гана жүрө ала турган болуп калды. Буга чейин бул мөөнөт 180 күн болчу. Ошол 90 күндүн аралыгында, эмгек мигранттары Сахарово көп функционалдуу миграциялык борборунда тиешелүү процедуралардан өтүп, иш таап, иш берүүчү менен келишим түзүүгө жана миграциялык каттоого турууга жетишүүсү зарыл. 
  • Көзөмөлгө алынган жарандардын реестри түзүлдү, өлкөдөн чыгаруу режими киргизилди. Аталган реестрге кирип калгандар, банктык операцияларды жүргүзө албайт, унаа айдаганга болбойт, мүлк сатып алууга, жер которууга ж.б. байланыштуу көптөгөн чектөөлөргө дуушар болушат. Жыйынтыгында, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болот. Ошондой эле, полиция кызматкерлери мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу чечимдерин өз алдынча кабыл алуу укугуна ээ болушту. Буга чейин мындай чечимдер соттор тарабынан гана кабыл алынчу.
  • Россиянын чек ара органдарына кошумча укук берилди. Тактап айтканда, Россиянын коопсуздугуна, коомдук тартибине же калктын ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн деп шек жараткан чет элдик жаранды чек арадан эле киргизбей коюу практикасын күчөттү.
  • Чет элдиктердин биометрикалык маалыматтарын чек арада жыйноо талабы кирди, тактап айтканда, чек арадан өтүүдө сүрөткө түшүү жана манжа издерин тапшыруу талабы бардык чек ара өткөрүү пункттарында милдеттүү болуп калды. Башында, бул эксперимент катары Москванын аэропортторунда жана Оренбург облусундагы «Маштаково» өткөрүү пунктунда гана иштеп келген. 2025-жылдын 1-декабрынан тартып, бул эреже Россиянын мамлекеттик чек арасынын бардык өткөрүү пункттарына жайылтылды. Эскерте кетсем, эмгек мигранттарынын биометрикалык маалыматтарын жыйноо мурда миграциялык борборлордо гана жүргүзүлчү.
  • Чет элдиктердин балдары үчүн орус тилинен тест тапшыруу талабы кирди. Мектепке кабыл алууда чет элдик балдардын тил билүү деңгээли текшериле турган болду. Орус тилин тиешелүү деңгээлде билбесе, окууга кабыл алынбай жатат. Ошондон улам, тесттен өтпөй калып, окууга киргизе албай калган көптөгөн ата-энелер, Россиядан кетүүгө аргасыз болуп жатышат.
  • Россияга келе жаткан чет элдиктер RuID тиркемесин алдын-ала толтуруп келүү талабы кирди. Бирок, бул талап былтыр эксперимент катары кирген, азырынча, ыктыярдуу түрдө болуп жатат. Учурда, бул экспериментти колдонуу мөөнөтүн 2027-жылга чейин узартуу боюнча демилге мамлекеттик деңгээлде талкууланууда. Эгерде бул демилге тийиштүү токтом менен кабыл алынса, анда окуу жана эмгектенүү максатында Россияга келе жаткан жарандар үчүн милдеттүү талап болоору күтүлүүдө.
  • Миграциялык каттоого туруу боюнча жаңы санариптик инструмент ишке кирди – ал “Амина” тиркемеси. Москва шаарына жана Москва облусунун аймагына иштөө максатында келген чет элдиктер “Амина” тиркемеси аркылуу миграциялык каттоого турат. Бул тиркеме аркылуу мигрант өзүнүн геолокациясы тууралуу маалыматын берүүгө милдеттендирилди. 

Дагы бир жаңы талаптардын бири – акча которууга чектөөлөр кирди. Мисалы, чет элдик жаран бир айда башка бирөөгө 100 миң рублга чейин гана которо алат. Тагыраагы – 1 миллионго чейин акча которууга болот, бирок 100 миңден ашкан сумманы кайдан келгенин салык органдарына далилдеп бериши керек.

— Сиз санап кеткен миграциялык талаптардын ичинен жарандарыбыз көбүнчө кайсы жаңы эрежелерди аткарууда кыйналууда?

— Жарандарыбыз акырындап, жаңы миграциялык талаптарды так аткарууга көнүп жатышат, документтерине жоопкерчиликтүү мамиле кылган жарандарыбыз аз эмес. Чындыгында, берилген 90 күндүн аралыгында миграциялык документтеринин тууралап жетишип, мыйзамдуу жүрсө, жаңы мыйзамдарды аткарууда көп деле кыйынчылык жаралбайт. Ошол эле мезгилде белгилеп коюшум керек, Россиянын миграциялык бөлүмдөрүндө кезек көп болуп, же «Госуслуги» тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылып келүү талабынан улам, убагында документтерин тууралоого жетишпей жаткан жарандарыбыз да аз эмес.

Дагы бир мисал, «Амина» тиркемеси аркылуу каттоого турууга үй ээлери уруксат бербеген учурлар бар. Мурда, эсиңизде болсо керек, «резиновая квартира» деп коюшчу – бир квартирага бештен, ондон мигрант жашап жүрө беришчү, үй ээсине салык салынчу эмес. Азыр «Амина» тиркемеси аркылуу эки тарап тең көзөмөлгө алынып жатат. Үй ээси да салык төлөөгө милдеттендирилди, ошол эле мезгилде, мигранттын миграциялык каттоосу мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып жатат.

 — Жогоруда, Россиянын жаңы миграциялык талаптарын сактоодо жарандарыбыз дуушар болуп жаткан бир катар мисалдарды келтирдиңиз. Ушул маселелер боюнча Кыргызстан менен Россиянын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы? Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү кыргызстандыктар үчүн кандайдыр бир жеңилдик береби?

—Кыргыз Республикасынын жарандары Россиянын аймагында көп жүргөндүгүнө байланыштуу жарандарыбыздын укуктук абалы, алардын Россиянын аймагында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча Россия тарап менен жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде, ошондой эле Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтин деңгээлдеринде туруктуу негизде талкууланып турат.

Мисалы, эсиңизде болсо керек, 2025-жылдын ноябрь айында Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин деңгээлинде миграция маселелери талкууланган.

2026-жылдын январь айында, тышкы иштер министринин орун басары А.Имангазиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өткөн отурумдун алкагында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция кызматынын өкүлү менен өзүнчө жолугушуп, анда кыргыз жарандарынын Россияга кирүүсү, аймагында жүрүүсү жана жумушка орношуусу боюнча маселелерди талкуулаган.

Ошондой эле А.Имангазиев жаңы миграциялык талаптардан улам реестрге кирип калган жарандарыбыздын кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгилеп, алардан Россиядан чыгып кетүүнү талап кылбастан, реестрден мыйзамдуу түрдө чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы М.Маматалиевдин март айынын аягында Россияга болгон расмий иш-сапарынын жүрүшүндө Россия тарап менен миграция жаатындагы маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүккө токтолсок, учурда, кыргызстандыктардын Россияга кирүүсү, анын аймагында жүрүүсү боюнча эрежелери өзгөргөн жок.

Россия тараптан КРдин жарандарына карата ЕАЭБдин келишиминде көрсөтүлгөн артыкчылыктар сакталып турат. Мисалы, биздин жарандарыбыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн башкалардай патент сатып алышпайт, орус тилинен жана тарыхынан сынак беришпейт, айдоочуларыбыз кыргыз айдоочулук күбөлүгү менен ээн-эркин иштей алышат, мигранттарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу берилет.

Аталган келишимдин бир гана пункту толук иштебей жатат – ал мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу берүү маселеси. Бул боюнча Кыргызстандын жооптуу органдары ЕАЭБдин алкагында тиешелүү иштерди алып барууда. Расмий маалыматтарга таянсак, көзөмөлдөгү адамдардын реестри түзүлгөндөн бери реестрге кирген КР жарандарынын саны дайыма өзгөрүп жатат.

Мисалы, 2025-жылдын февралында реестрде 67 миң жараныбыз бар эле, жыл ортосунда 113 миңге жеткен. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айтылган маалымат боюнча алардын саны 34 миңге чейин азайганы кабарланды.

— Учурда аталган реестрде канча жараныбыз бар?

— Көзөмөлдөгү адамдардын реестри күнүнө 4 жолу, башкача айтканда, 6 саат сайын жаңыланып турат. Реестр тирүү механизм сыяктуу, ошондуктан ага кирип калган жарандардын саны күн сайын өзгөрүп турат. Россия тараптын 2026-жылдын 12-мартына карата берген расмий маалыматтарына ылайык, бүгүнкү күндө көзөмөлдөгү адамдардын реестрине 93 693 жараныбыз киргизилген.

Россияда жүргөн жарандарыбыз, анын миграциялык жаңы мыйзамдарын жакшы билип алуусу зарыл. Алар жоопкерчиликтүү мамиле менен документтерин кечиктирбестен, өз убагында тууралап албаса, реестрге түшүп кала берет.

Элчиликтин аткарып жаткан иштери тууралуу айта кетсеңиз?

— Элчиликтин консулдук багыттагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо болуп эсептелет. Жогоруда белгиленгендей, күн сайын элчиликке 400дөн 700гө чейин жарандарыбыз ар кандай маселелер менен кайрылышат. Алардын кайсы бир бөлүгү документтештирүү маселеси менен кайрылса, башкалары укуктары менен кызыкчылыктарын коргоп берүү боюнча кайрылышат.

Мындан тышкары, консулдук бөлүмдүн кызматкерлери, күнүгө ар кандай соттук отурумдарга, жарандарыбыз кырсыктаган жерлерге, ооруканаларга, аэропортторго тынымсыз чыгып турушат. Ошондой эле, «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борбордо кармалып турган жарандарыбызга барып жолугуп, аларды Кыргызстанга эртелеп кетирүү боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турабыз, ал жактагы жарандарыбыздын арыз-муңун угуп, укуктук консультацияларды берип турабыз.

Дагы бир мисал, 2025-жылы апрелден сентябрга чейин берилген мыйзамдашып алуу учурунда, элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп, кызматкерлери күн сайын Россиянын ондогон аймактык миграция бөлүмдөрүн кыдырып, Россиянын миграциялык кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандарыбызга жеринде жардам берип турушту.

Мындан тышкары, Россиянын аймагында жаза өткөрүү мекемелерин кыдырып, жазасын өтөп жаткан жарандарыбыз менен жолугушуп, укуктук консультацияларды берип турабыз, анын ичинде, жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга которулуу жол-жоболору түшүндүрүлөт.

— Учурда Россияда соттолгондордун саны канча? Алардын арасынан жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга канчасы которулду?

— Россиянын аймагында соттолуп, жазасын өтөп жаткан жарандарыбыздын саны 2026-жылдын 1-январына карата расмий маалымат боюнча 1 126 жаранды түзөт. Россиянын аймагында соттолуп, жазасын өтөп жаткан жарандарыбыздын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга которууда КРдин Башкы прокуратурасына элчилик өзүнүн компетенциясынын алкагында көмөк көрсөтөт.

2025-жылдын 1-декабрына карата алынган маалымат боюнча, 2025-жылы 211 жараныбыз Кыргызстанга которулду. Ал эми, 116 жараныбыз которулуу стадиясында турат.

— Россиянын аймагында жүргөн жарандарыбыздын арасынан Россиянын жогорку окуу жайларында канча студенттерибиз окушат? Канча жараныбыз Россиянын жарандыгын алды?

— 2024-2025-окуу жылына карата 12 481 студент, алардын ичинен 6 165 студент Россиянын федералдык бюджетинин эсебинен жана 6 316 студент келишимдик негизде билим алып жатышат.

2025-жылдын январынан сентябрь айына чейинки маалымат боюнча Россиянын жарандыгын 6 131 мекендешибиз алган, ал эми 2024-жылда – 11 641 жараныбыз алган.

— Ата-энеси таштап кеткен же кароосуз калган жашы жете элек канча бала Кыргызстанга жиберилди?

— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте 2025-жылы жашы жете элек 32 кыргызстандык баланы Кыргызстанга жөнөттүк, 2024-жылы – 17 бала жиберилген. Балдардын баары эле Россияда төрөлүп, ата-энеси баш тарткан балдар эмес. Мисалы, ата-энеси мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн кармалып депортация болуп кеткен учурда алардын жашы жете элек балдары жергиликтүү социалдык коргоо мекемелерине жайгаштырылат. Андан соң, аларды ата-энелерине кошуу үчүн алар Кыргызстанга репатриацияланат.

— 2025-жылы канча жараныбыз Россиянын аймагында каза болду?

Элчилик Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте 2025-жылы 61 мекендешибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөттү. 2024-жылы – 17 мекендешибиздин сөөгү жөнөтүлгөн. Бул жерден да белгилеп коюшум керек, бул сан – элчиликке же миграция өкүлчүлүгүнө кайрылып, мамлекет тарабынан компенсация алгандардын гана саны. Кээ бир учурда, мисалы, Россиянын алыскы региондорунда каза болгон жарандарыбыздын сөөктөрү ошол аймактагы диаспора же активдүү жарандарыбыздын жардамы менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн учурлар болот. Андай учурда, мамлекет тарабынан берилчү компенсацияны Кыргызстанга барганда алышат.

— Айлык акысын ала албай калган жарандар элчиликке кайрылабы? Кайрылса, кандай жардам көрсөтөсүздөр?

 — Негизи, иш берүүчү менен эмгекчинин ортосундагы эмгек мамилелери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү алектенет. Бирок, ага карабай элчиликке кайрылгандар да аз эмес.

Мисалы, 2025-жылы айлык маянасын ала албай калган 16 жараныбыздын 1,888 млн. рубль өлчөмүндөгү айлык акысын өндүрүп бердик, Геленжикте каза болгон 4 жараныбыздын үй-бүлө мүчөлөрүнө «багуучусун жоготкону үчүн» 22,324 млн. рубль, ошондой эле Оренбургда каза болгон 4 жараныбыздын үй-бүлө мүчөлөрүнө – 800 миң рубль өлчөмүндө компенсацияларын өндүрүп бердик

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»