19:15, 20-апрель, 2026

Марлен Маматалиев Россияга барды

На русском
17:10, 20-апрель, 2026 241

АКИpress - Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россияга иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. 

Бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындары өтөт. Аталган ассамблеяга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын парламенттери мүчө.

Жыйынга катышуу үчүн барган делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Улукбек Узакбаев жана Азамжан Жалилов бар.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»