06:58, 21-апрель, 2026

29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет

На русском
16:08, 20-апрель, 2026 290

АКИpress - 29-апрелде «Ала-Тоо» аянтында Бишкек шаарынын негизделгенинин 148 жылдыгы белгиленет.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кечки саат 18:00дө Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталат. Ал эми 19:00дө кесипкөй жана ышкыбоздук хореографиялык топтордун башын бириктирген «Вальс кечи» сынак-фестивалы болот.

«Майрамдык программа борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын өнөрлөрү менен уланып, кече чоң майрамдык концерт менен жыйынтыкталат», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»