12:44, 20-апрель, 2026

«Архивдик сүрөт». Совет доорунда Ысык-Көлдө апийимдин 80%ы өстүрүлгөн

На русском
10:52, 20-апрель, 2026 482

АКИpress - Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы 100 жылдык мааракесине карата тарыхый сүрөттөрдү жарыялоодо.

Бул ирет Ысык-Көл облустук архиви апийим өстүрүүчүлөрдүн сүрөттөрү менен бөлүштү.

Сүрөттөрдө:

К. Жамакеева – 1970-жылы Будённый атындагы колхоздун Покров районунун звено башчысы апийим гүлүн кесип жатканда:

А. Сокеева – 1970-жылы Түп районунун «Жаңы-Жылдыз» колхозунун белгилүү ишмери:

1960-жылы «Трудовик» колхозунун апийим өстүрүлгөн талаасында Пржевальск аймактык тажрыйба станциясынын илимий кызматкерлери:

Облусттук архивден билдиришкендей, совет мезгилинде Ысык-Көл облусу СССРде мамлекеттик көзөмөл алдында медициналык жана өнөр жай муктаждыктары үчүн апийим гүлү өстүрүлгөн жер болгон. Регион СССРде бардык мыйзамдуу апийим продукциясынын көпчүлүгүн (80%га чейин) камсыз кылган.

Негизги айдоо аянттары Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз райондорунда жайгашкан. Аймактын жагымдуу климаттык шарттары жогорку түшүмдүүлүккө жана сырьёнун сапатына өбөлгө түзгөн.

Апийим өстүрүү атайын мамлекеттик программалардын алкагында жүргүзүлүп, кылдат мээнетти талап кылган. Уруктар, айдоо аянттары, түшүм жыйноо жана кайра иштетүү катуу эсепке алынган. Иштерге атайын тандалган колхоздор жана совхоздорго гана уруксат берилген, ал эми талаалардын өзү кайтарылган.

Урук себүү механизацияланган (сеялкалар менен), бирок калган бардык операциялар кол менен аткарылган:

- тынымсыз суюлтуу жана отоо;

- кол менен түшүм жыйноо.

Иштер мезгил-мезгили менен аткарылып, жергиликтүү калк иш менен камсыз болгон, көптөгөн жергиликтүү тургун үчүн бул — кирешенин маанилүү булагы болгон.

Бардык баскычтар – себүүдөн баштап түшүм жыйноого чейин – катуу көзөмөлгө алынып, алынган сырьё дары-дармектерди өндүрүүгө жөнөтүлгөн.

1980-жылдардын аягында эл аралык баңгиге каршы саясаттын жана ички реформалардын күчөшүнөн улам айдоо аянттары кыскартылып, 1990-жылдардын башына чейин толугу менен токтотулган.

Бүткүл союздук дары өсүмдүктөр институтунун (ВИЛАР) Пржевальск аймактык илимий-изилдөө тажрыйба станциясы 30-жылдары негизделген. Анда дары өсүмдүктөрүн изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Станциянын негизги максаты – апийимдин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга таасир этүүчү агротехникалык комплексти, жер семирткичтердин таасирин изилдөө жана анын жаңы, жогорку түшүмдүү сортторун иштеп чыгуу болгон.

1944-жылы станцияда агротехникалык, селекция жана үрөнчүлүк бөлүмдөрү, массалык анализдер лабораториясы менен химия, өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмдөрү болгон жана биохимиялык иштер аткарылган. Бардык иштерди илимий кызматкерлер жүргүзүшкөн. Мекеме 2006-жылы жоюлган.

Бүгүнкү күндө бул мезгил Ысык-Көл облусунун тарыхый жана социалдык-экономикалык мурастарынын бир бөлүгү катары каралат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»