03:23, 21-апрель, 2026

Сокулукта 2 чакан ГЭС иштеп баштады

На русском
16:00, 20-апрель, 2026 510

АКИpress - Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты. 

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын белгиледи. 

“Чакан ГЭСтерди куруу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү натыйжалуу жана ыкчам инструменттердин бири болуп эсептелет. Бул долбоорлор энергетика системасынын туруктуулугун жогорулатып, муктаждыктарыбызды четинен азайтууга өбөлгө түзөт. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВт түзөт. Алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда бир топ роль ойнойт”, - деди президент. 

Ал бул тармактагы жетишкендиктер аймактарды тең салмактуу өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүүгө шарт түзүп, “жашыл экономикага” өтүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын белгиледи. 

“Учурда жалпы республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Быйылкы жылдын иш-планында алардын 13үн куруп, ишке киргизүү мерчемделген. Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтөт”, - деди Садыр Жапаров. 

Келишимдин алкагында эки чакан гидроэлектр станциядан турган каскад курулду. Биринчиси — Сокулук дарыясында, кубаттуулугу — 9,7 МВт, экинчиси — анын куймасы Туюкта — 5,9 МВт. Эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 МВт түзөт.

Өндүрүлгөн электр энергиясы толугу менен улуттук энергетикалык системасына берилет.

Долбоордун алкагында толук энергетикалык инфратүзүм: башкы курулмалар, гидроэлектр станциялардын имараттары, подстанциялар, ошондой эле электр берүү линиялары курулган. Бардык объекттер ата мекендик инвестордун каражатына курулду. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 1,7 млрд сомду түзөт. 

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Сокулук ГЭС-3» ЖЧКсынын ээси —  «Ала-Тоо Гидро» ЖЧКсы, жетекчиси — Чилтенов Нурсултан Рыспекович.

Ал эми «Ала-Тоо Гидро» ЖЧКсынын ээлери: Чилтенов Нурсултан Рыспекович, Бурканов Азат Арзыбекович, жетекчиси: Бурканов Азат Арзыбекович.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»