19:50, 20-апрель, 2026

Японияда 7,5 магнитудадагы жер титирөө катталды

15:50, 20-апрель, 2026 342

АКИpress - Япониянын жээгинде магнитудасы 7,5ке жеткен жер титирөө болгонун, мындан улам өлкө аймагында цунами коркунучу тууралуу эскертүү таратылганын өлкөнүн метеорологиялык башкармалыгы билдирди.

Жер титирөө 20-апрелде саат 16:53тө болгон. Очогу Санрику районунда, 10 чакырым тереңдикте жайгашкан. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:21ге карата эң бийик толкун Иватэ префектурасындагы Кудзи портунда катталып, анын бийиктиги 80 сантиметрге жетти.

Метеорологдор айрым жерлерде цунаминин чыныгы бийиктиги приборлор көрсөткөндөн да жогору болушу мүмкүн экенин, эң күчтүү толкун бир нече саат өткөндөн кийин келиши ыктымалдыгын эскертишти.

Мекеменин маалыматына караганда, Мияги жана Фукусима префектураларынын жээктеринде бийиктиги 1 метрге чейин жеткен толкун күтүлүүдө. Тургундарга сак болуу жана эвакуацияны улантуу тапшырылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»