19:51, 20-апрель, 2026

«Вазелин» абакта калтырылды

На русском
15:30, 20-апрель, 2026 434

АКИpress - 10-апрелде Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы кызматкери, «Вазелин» деген каймана аты менен белгилүү адамды камакка алуу боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аны камакта калтырды.

20-апрелде «АКИpress» басылмасынын редакциясына райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, К.У.К. №21 тергөө абагында 15-июнга чейин калтырылды.

Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча шектелүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековдун «40 чоро» деп аталган тобуна кирген спортчулардын, УКМК кызматкерлеринин, ишкерлердин, милиция кызматкерлеринин жана башка адамдардын сүрөттөрү камтылган видео тараган. Анда «Вазелин» деген УКМК кызматкери да аталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»