19:51, 20-апрель, 2026

Кыргызстандын волейболчу кыздарын украиналык адис машыктырмай болду

На русском
14:33, 20-апрель, 2026 257

АКИpress - Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Украинадан келген Евгений Николаев дайындалды.

«АКИpress» агенттигине Кыргызстандын волейбол федерациясынан билдиришкендей, 61 жаштагы адис команданы Непал жана Филиппинде өтүүчү эл аралык турнирлерге даярдайт.

Ошондой эле Россиядан келген аналитик-машыктыруучу Дмитрий Марюхнич машыктыруучулар штабына кирди. Чет элдик адистерге Кыргызстандан Абдухамид Айсахожиев, Нургазы Көкчолоков, Батырали Орозов, Азамат Жоламанов жана Ислам Татыкулов жардам беришет.

Май айынын аягында Кыргызстандын командасы Непалда өтүүчү Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) рейтингдик чемпионатында ойнойт, андан соң тарыхта биринчи жолу Филиппинде өтүүчү Азия кубогуна катышат.

Евгений Николаев «Химик» командасы менен Украинанын Супер лигасында тогуз жолу чемпион болгон. Анын командасы Украинанын Кубогун жана Супер кубогун төрт жолу уткан, ошондой эле Чемпиондор лигасына жана Европа волейбол конфедерациясынын кубогуна катышкан.

2015-жылы Түштүк Корея курама командасы менен бирге Евгений Николаев Дүйнөлүк универсиаданын финалисти болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»