17:43, 20-апрель, 2026

Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды

13:39, 20-апрель, 2026 193

АКИpress - 12-апрелде Бишкектеги Түлөбердиев жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде баңгизат катууга шектелген жаш жигит колго түшкөнүн ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282 (баңгизат каражаттарын, прсхотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2007-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалды. Тинтүү учурунда андан жашыл жана көк түстөгү желим баштыкка оролгон зат табылып, алынган.

Кармалган жаран бул заттарды таратып жүргөнүн айткан. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»