19:48, 20-апрель, 2026

Бишкекте пара талап кылууга шектелген тергөөчү кармалды

На русском
13:34, 20-апрель, 2026 585

АКИpress - Пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.А.Ж. борбор калаанын тургунунан 25 миң доллар опузалаганын аныкташкан.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, ал бул каражатты алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана шектүүнү издөөдөн чыгаруу үчүн сураган.

Ленин райондук соту 17-апрелде милиция кызматкерин бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө уланууда.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»