19:53, 20-апрель, 2026

Садыр Жапаров Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

На русском
13:16, 20-апрель, 2026 300

АКИpress - Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге көрүнүктүү казак акыны, драматург, коомдук ишмер, Казакстандын Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

«Ардактуу Касым-Жоомарт Кемел уулу! Кадырлуу казак агайындар! Казактын улуу уулу, Кыргыз эл акыны, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстандын Кыргызстандагы тунгуч элчиси, Чыңгыз Айтматовдун жана мүлдө кыргыз элинин досу Мухтар Шаханов дүйнө салды деген суук кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдым. Мухтар ага боордош казактын эле эмес, калдайган кыргыз элинин дагы калк агасы, таянар тоосу эле. Демек, кыргыз журтчулугу дагы бир аскар тоосунан, дагы бир рухий таянычынан ажырап, бир капталы эңшерилип, жүрөгү канап турган учуру. Мындай залкар инсандардын келбес жайга кетишин элибизде “билгенге бүтүндөй бир доор кетти” деп коюшат. Чындыгында эле Мухтар аганын акка моюн сунушу менен бүтүндөй түрк ааламынан бир доор кетти, аттиң дүйнө... Казак бабаларыбыздын адилеттик үчүн кандан, бектен кайра тартпаган көк жал мүнөзүн боюна сиңирген Муктар ага тээ совет доорунда эле, андан кийин деле Ата Мекенинин тагдыры үчүн кара жанын канжыгага байлап, чындыкты чыркырата бетке айтып келгени алыс-жакынга жакшы маалым. Учурунда куугунтукка кабылса да моюн бербей, “Желтоксан” окуясы боюнча ачык пикирин жалтанбастан айтып турганы эсибизде.

Төөнүн эки өркөчүндөй бир тууган казак-кыргызга бирдей күйгөн анын акындык жана атуулдук үнү тоолор менен талаалардын жаңырыгындай туюлчу эле. Айрыкча, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен ага-инилик мамилеси эки элдин бир тууганчылыгын арттырууда өчпөс из калтыргандыгын өзгөчө канаагаттануу менен белгилейт элем.

Кадырлуу казак боордоштор!

Бүгүн мына ушундай таланты таш жарган мекенчил уулунан ажырап, кан жутуп турган бир тууган казак агайындарга, акындын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белди бекем бууп, кайрат кылыңыздар!», - деп айтылат телеграммада.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»