АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-апрелде ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү Зиядин Жамалдиновду камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.
20-апрелде «АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Жамалдинов уюшкан топ жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо беренеси боюнча айыпталууда. Ал 10-июнга чейин СИЗО1-ге киргизилди.
«АКИpress» агенттигине булактары билдиргендей, кылмыш иши Жамалдиновдун президенттин Ош облусундагы өкүлү кызматын ээлеп турган маалга байланыштуу.
Жамалдинов 2021-жылдын 22-июлунда президенттин Ош облусу боюнча өкүлү болуп дайындалган. 2023-жылдын 14-апрелинде кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин 3, 4 жана 6-чакырылышынын депутаты болгон.