03:25, 21-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:30, 20-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
«Вазелин» абакта калтырылды
08:31, 20-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Чет элдик валюталардын эртең мененки баасы
15:54, 20-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
«Пито» абакта калтырылды

УКМК кызматкерлеринин иши боюнча камакка алынган ишкер үй камагына чыкты

На русском
11:20, 20-апрель, 2026 434

АКИpress - Биринчи май райондук соту 17-апрелде тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Р.И.Р. аттуу ишкердин бөгөт чарасын өзгөрттү. Муну «АКИpress» редакциясына 20-апрелде райондук соттун басма сөз кызматынан ырасташты.

Аны өлкө аймагынан чыкпоо тил каты менен бошотушту.

Р.И.Р. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө. Ишти Аскер прокуратурасы тергөөдө. 15-апрелде аны №21 абакка киргизишкен.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Р.И.Р. «С.Э.К.» ЖЧКсынын жетекчиси болуп саналат, ишкана адистешпеген дүң соода менен алектенет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»