12:57, 20-апрель, 2026

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына талапкер Улан Маматкановдун эмгек жолу

На русском
11:05, 20-апрель, 2026 499

АКИpress - Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети 20-апрелде социалдык блок боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын талапкерлигине Улан Маматкановду карады.

Маматкановдун талапкерлиги президент тарабынан парламентке сунушталган. Аны 20-апрелде президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпуев депутаттарга тааныштырды. 

Зулпуев талапкердин өмүр баянына токтолду.

Маматканов Улан Эркинович Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында төрөлгөн, 43 жашта.

Билими:

  • 2004-жылы ОшМУну, философия жана башкаруу технологиялар факультетин, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча (артыкчылык диплому менен) аяктаган.
  • 2008-жылы – президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн (магистратура).

Эмгек жолу

  • 2005-2008-жылдары – Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде ар кандай кызматтарда;
  • 2007-2008-жылдары – эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Абдуллаеванын кеңешчиси;
  • 2009-жыл – вице-премьер-министр У.Абдуллаеванын жардамчысы;
  • 2009-2010-жылдары – өкмөттүн аппаратынын өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, вице-премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2010-жыл – эмгек министри А.Рыскулованын жардамчысы;
  • 2010-2011-жылдары – Эмгек, калктын жайгашуусу жана миграция министрлигинин этникалык кыргыздар жана кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011-жыл – калкты социалдык жактан коргоо министри А.Рыскулованын кеңешчиси;
  • 2012-жыл – өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык мониторинг бөлүмүнүн инспектору;
  • 2013-2014-жылдары – жеке сектордо;
  • 2014-2016-жылдары – президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2016-2018-жылдары – өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмү;
  • 2020-2021-жылдары – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары;
  • 2021-жыл – Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2021-2026-жылдары – Президенттик администрация;
  • 2026-жылдын 15-апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»