14:09, 20-апрель, 2026

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 гана ардагери калды, - министрлик

На русском
11:38, 20-апрель, 2026 674

АКИpress - Учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалым болгондой, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин туткундары бар. Ал эми 8 ардагер — согуштун түз катышуучусу.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек — 4;
  • Чүй облусунун Жайыл району — 2;
  • Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.

Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек 6 мурдагы туткуну жашайт:

  • Бишкек шаарында — 4;
  • Жайыл районунда — 1;
  • Жалал-Абад шаарында — 1.

Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар:

  • Бишкекте — 8;
  • Сокулук районунда — 1;
  • Балыкчы шаарында — 1 адам жашайт.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары:

Мурза Далиев (101 жашта)

Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон районунда жашайт. 1925-жылы 1-январда Арстанбап айылында туулган.

1945-жылы 3-январда Базар-Коргон аскер комиссариаты тарабынан советтик армияга чакырылган. Атчан аткыч болгон. Белоруссиянын 12-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1945-жылы 9-майда — Жеңиш күнүн Польша менен Германиянын чек арасында тоскон. Андан кийин мекенине кайтып келген.

1950-жылдан баштап Киров атындагы токой чарбасында иштеген. 1979-жылы пенсияга чыккан. 3 уулу жана 3 кызы, 60 небере-чөбөрөсү бар (2025-жылга карата маалымат).


Аспек Жумашев (101 жашта)

Бишкекте жашайт. 1924-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кызыл-Бирлик айылында төрөлгөн. 

Ветерандын айтканынан: «Апам 1940-жылы каза болду. Мен агам экөөбүз атабыздын колунда калдык. 1940-жылы 7-классты бүтүп, Чоң Чүй каналынын курулушуна иштегени кеттим. Каналды кол менен казып, топуракты араба менен ташычубуз.

1941-жылдын июнь айында Улуу Ата Мекендик согуш башталып, бизди курулуштан бошотушту. Мен колхоздо ар кандай жумуштарда иштей баштадым. 1942-жылдын сентябрь айында мени Кызыл Армиянын катарына чакырышты. 1942-жылдын 7-ноябрына карата бир айлык даярдыктан кийин ант берип, темир жолдорду кайтаруу боюнча 34-аткычтар дивизиясынын курамындагы 74-аткычтар полкунун катарында жүктөрдү кайтарууга жана коштоого кириштик. Биздин рота Марий Эл Республикасындагы Йошкар-Ола шаарында жайгашкан.

1944-жылдын март айынын ортосунда биздин рота 110-аткычтар полкунун курамына киргизилип, Ленинградга жөнөтүлдү. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 110-полк аракеттеги Кызыл Армиянын курамына кирип, төмөнкү милдеттерди аткарган: 

  • Псков жана Ленинград облустарынын аймагындагы жана Ленинград шаарындагы темир жол объекттерин кайтаруу; 
  • Түндүк-Батыш, Ленинград фронтторунун, Приморье оперативдүү тобунун аскердик тылын кайтаруу; 
  • Азык-түлүк кампаларынын тобун кайтаруу.

1944-жылдын май айында 110-полктун бир курамы 220-чек ара полкко бөлүндү. Биздин полк Новгороддун жанындагы токойлордо түзүлгөн. 1944-жылдын июль айынан октябрь айынын ортосуна чейин биз 3-Прибалтика фронтунун курамында согуштук аракеттерге катыштык. Рига бошотулуп, 3-Прибалтика фронту таратылгандан кийин биздин полк Беларуска которулду. Үч айдан кийин бизди 379-аткычтар полкунун курамына киргизип, Батыш Украинага «бандеровчулар» менен күрөшүүгө жөнөтүштү. Жеңиш күнүн ошол жерде тостук. Душманды жеңип, жакында мекенине кайтып келүү кубанычтуу болду. Бирок кийинчерээк белгилүү болгондой, ички аскерлер үчүн согуштун жаңы баскычы башталган.

Бошотулган аймактарда оккупация учурунда немистер менен кызматташкан, ал эми бул аймактар бошотулгандан кийин чагымчыл иштерди жүргүзгөн адамдар көп болгон. Мындайлар күндүз жай тургун болуп, ал эми түнкүсүн курал көтөрүп чыгып, ок атышкан. 1946-жылы ротабыз Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин 141- тоо-аткыч полкунун курамына киргизилип, 1948-жылдын март айына чейин Украинада жана Түндүк Кавказдагы саясий жана кылмыштуу бандитизмди жоюу боюнча оперативдүү тапшырмаларды аткарганбыз.

1948-жылдын жазында Германиянын Дрезден шаарынын жанындагы Ауде шаарына дайындалдык. 1949-жылдын жазына чейин бир жыл бою биз уран кендери сакталган кампаларды кайтарып жүрдүк. 1949-жылдын жазында биздин полктон 25 адам гана калды. 1949-жылдын апрелинен баштап мен текшерүүчү болуп дайындалдым. 1949-жылдын күзүндө демобилизацияланып, 1949-жылы 14-октябрда запаска бошотулгам. Москвага кайтып келгенимде, мага окууну улантып, системада иштөөнү сунушташты, бирок үй-бүлөмдү сагынып, тынчсызданып үйүмө кайтып келдим», - деген ардагер.

Аспек Жумашев 1950-жылы Үч-Эмчек айылдык кеңешинин катчысы болуп иштеген. 1951-1952 жылдары - Куйбышев атындагы колхоздо эсепчи, 1952-1958 жылдары Куйбышов атындагы колхоздо чарба башчысы болуп эмгектенген.


Сатынды Жапаров (100 жашта) 

Нарын облусу, Ат-Башы районунда жашайт. 1926-жылы аталган райондогу Ак-Муз айылында жарыкка келген.

1944-жылы согушка кетип, 1945-жылы жаракат алгандан кийин мекенине кайтып келген. Ленинград шаарынын бошотулушуна катышкан. 1946-жылдан 1951-жылга чейин Ак-Муз айылындагы колхоздо иштеген. Майды кайра иштетүүчү заводдо 41 жыл иштегенден кийин пенсияга чыккан. Анын 10 баласы, 27 небереси жана 23 чөбөрөсү бар (2025-жылга карата маалыматтар).


Мироненко Николай Кузьмич (99 жашта) 

Бишкекте жашайт. 1927-жылы 3-мартта Россиянын Новосибирск облусунда жарыкка келген. 1935-жылы ата-энеси менен Фрунзе шаарына көчүп келишкен. Согушка чейин тигүү фабрикасында мастер болуп иштеген. 1944-жылы советтик армияга чакырылган. Согуш учурунда беларустук даярдоо полкунда кызмат өтөп, 1951-жылга чейин армияда калган. Согуштан кийин көп жылдар бою Транспорт министрлигинде иштеген. Бир уулу жана бир кызы бар. 


Пухарев Василий Дмитриевич (102 жашта)

Бишкекте жашайт. 1924-жылы Кемерово облусунун Кузидеев районунун Силен айылында туулган.

1942-жылы аткычтар полкунун курсанты болгон, андан кийин пулемет дивизиясына жөнөтүлгөн. 1943-жылы зениттик-артиллериялык полкко которулган. Манж согуштук аймагында Япония менен болгон согушка катышкан. Аскердик машина айдаган. «Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш үчүн», «Японияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.


Соколов Николай Николаевич (98 жашта)

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жашайт. 1927-жылы 30-декабрда Москва районунун Беловодск айылында туулган. 

1944-жылдын октябрь айында армияга чакырылган. 1945-жылы аткычтар полкуна барган. Беларус фронтуна катышкан. «Жуков медалы», 2-даражадагы «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш» ордени жана башка сыйлыктар менен сыйланган.


Сухинин Михаил Николаевич (98 жашта)

1927-жылы 2-октябрда Воронеж облусунун Коротояк районундагы Ездоч айылында төрөлгөн.  

1944-жылдын ноябрь айында советтик армияга чакырылып, Литвадагы №72 даярдоочу аткычтар полкунда согушка катышкан. 1951-жылга чейин Брянск шаарындагы 72-запастагы аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Андан кийин Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо иштеп, Политехникалык институтта окуган.


Шальнов Антон Семенович (98 жашта)

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында жашайт. 1927-жылдын 11-августунда Смоленск облусунун Целковище айылында жарыкка келген.

1944-жылы аскер кызматына чакырылып, окуу батальонуна жөнөтүлгөн. Беларус фронтунда танк аскерлеринин катарында согушка катышкан. «Японияны жеңгендиги үчүн» медалы жана «Жуков медалы» менен сыйланган.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»