06:33, 21-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
17:14, 20-апрель, 2026 (11 адам окуп жатат)
Видео — Бишкекте кыз киши милиция менен мушташты
15:54, 20-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
«Пито» абакта калтырылды

Казакстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, акын Мухтар Шаханов көз жумду

На русском
09:48, 20-апрель, 2026 776

АКИpress - Казакстандын жана Кыргызстандын Эл жазуучусу жана акыны Мухтар Шаханов каза болду, деп билдиришти 20-апрелде Казакстандын Маданият жана маалымат министрлигинен.

Ал 83 жашта болгон.

Шаханов 1942-жылы 2-июлда Түлбек районунун (азыркы Түркстан облусу) Каскасу айылында туулган.

30дан ашык ырлар жыйнагынын автору. Чыңгыз Айтматов менен биргелешип «Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы» аттуу китебин жазган.

Шаханов СССР Жогорку Советинин эл депутаты, парламенттин Мажилисинин депутаты болуп шайланган, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси, ошондой эле Бишкектин ардактуу атуулу болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»