00:53, 19-апрель, 2026

Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында байгеге илинген жок

На русском
20:43, 18-апрель, 2026 245

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында  бешинчи орунду ээледи. Мелдеш Кытайдын Ордос шаарында өтүүдө.

Коло медаль үчүн болгон күрөштө ал казакстандык спортчу менен беттешип, бирок 1:0 эсебинде утулду.

Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында жарышка чыгып, 1/8 финалдан баштаган. Ал макаолук жана тажикстандык спортчуларды жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кытайлык спортчудан утулган.

Ал эми Эржан Канатбеков, Даут Полтушев жана Эмирхан Жолдошказиев күрөштөн эрте эле чыгып калышкан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»