АКИpress - Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны күн санап өсүүдө, деп билдирди Энергетика министрлиги.
Жыл сайын мектеп, бала бакча, бейтапкана, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү курулуп жатат. Калктын өсүшү энергетикада кошумча кубаттуулуктарды талап кылат. Башкача айтканда ар бир курулган үй, социалдык объект, мамлекеттик мекеме жана жаңы кошулган конуш бул - кошумча кубаттуулук, кошумча генерация.
Акыркы 3 жылда «Кыргызстан улуттук электр тармагына» жаңы 4192 өндүрүш жана 96 975 башка абонент кошулду. Бул 1 353 192 кВт/саатка керектөө өстү дегенди түшүндүрөт.
Өндүрүш менен байланышпаган абоненттердин санынын өсүшү:
-2023-жылдын 1-январына карата 1 524 317;
-2024-жылдын 1-январына карата 1 554 510;
-2025-жылдын 1-январына карата 1 585 005;
-2026-жылдын 1-январына карата 1 621 292.
Ал эми өндүрүш абоненттеринин саны:
-2023- жылдын 1-январына карата 6 802;
-2024- жылдын 1-январына карата 6 929;
-2025-жылдын 1-январына карата 10 133;
-2026-жылдын 1-январына карата 10 994.
Керектөө:
-2023-жыл 1 409,8 млн кВт.саат;
-2024-жылы 1 495,9 млн кВт.саат;
-2025-жылы 1 954,0 млн кВт.саат.